Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Көл шаарында “Эне тил жана элдик педагогика - эгиз”- деген темада семинар өттү

Улуттук көрөңгөнү, элдик  педагогиканы сабакта пайдалануу аркылуу балдардын мекенчилдик сезимдерин өстүрүү чыныгы тилчи мугалимдин гана чеберчилиги. Ар түрдүү турмуштук-тематикалык кырдаалга ылайык эне тил жана элдик педагогиканы эгиз козудай ээрчитип, кыргыздын улуттук көрөңгөсүн муундан муунга жеткирүүнүн  үстүндө иштеп, таалим тарбия берүү менен алек болгон, кыргыз тилинде өз оюн так жана жеткиликтүү айтууга орус тилдүү мектептин окуучуларына  кыргыз тилин үйрөтүп, алардын тилге болгон кызыгуусун арттырып, жаңы муунду өстүрүп келеткан Кара-Көл шаарындагы Фрунзе атындагы  №3 жалпы билим берүү мектебинин  кыргыз тили жана адабияты мугалими  Маматказиева Назгул  Токтоматовнанын Эне тил жана элдик педагогика - эгиз" -деген темадагы шаардык семинары өткөрүлдү.   Семинардын катышуучуларын ак калпак агайлар, ак элечек энелер, кымча бел кыздар  улуттук кийим кийип тозуп алышса,  Манастын кырк чоросу айбаттуу найза калканы менен жоокердик тайманбас сүрү, кабаттуу кабактары менен образдуу көрүнүштү чагылдырышып, аны менен катар эле " Улуу "  Манас" эпосунун жаңырышы,окуучулардын чыгармачылыгы зал ичин шаңга бөлөдү. Кырк чоронун Манастын жети осуятын айтып, жалпы кыргыз элин биримдикке чакыруусу, баатыр Манастын накта өзү жаныбызда тургандай сүрдүү элесин алдыбызга тартты. Ал эми Манас эпосундагы ата - бабалардын   колдонгон көрөңгөлүү сөздөрүн  семинардын катышуучуларына чечмелетип, балдар эмес биз-чоңдор канчалык деңгээлде түшүндүрүп бере алабыз деген ойдун үстүндө иштетип, билбегенибизди билдирүүгө жетишти.Мисалы көлүк, дөңгөнө, деңгене, байса, шам, илеки деген сөздөрдү  чечмеледи.

 

Семинардын экинчи бөлүгү мугалимдин ачык сабагы менен башталды.Кыргыз тили сабагы  3- " А" классына  өтүлдү. Окуучулар "Суусамыр ","Кара -Көл" деген эки топко бөлүнүштү. Кыргыз элинин улуттук оюндарынын  ичинен "Жөө кунан чабыш оюну"- деген темада сабактын темасы белгиленди. "Ат адамдын канаты"- деген макалдын негизинде жылкынын жашын,  аталышын  аныкташты. Мисалы: жабагы, кулун,тай,кунан,бышты,асый  "Кунан чабыш " оюну тууралуу түшүндүрмө берди. Орус тилинде аталышын, сөздөргө сөз айкаштарын түзүү аркылуу белгилешти. Улуттук оюндардын түрлөрүн аныктоо үчүн "Мен журналистмин" ыкмасы колдонулду. Тесттик таршырмаларды аткарып,сөздүк иштерди аткарышты.  Мугалимдин жаңы технологияларды пайдалануусу, сабактын улуттук  көрөңгөгө  бай экендиги    сабактын ажарын ачып турду. Сабакты бышыктоодо окуучулардын топ менен иштөөсүнүн жыйынтыгы чыгарылып, балдар өздөрүнүн чогулткан упайларын санап чыгышып, эки топ бирдей упай топтогонун  көрүшүп, достук жеңди деп сыймыктануу менен жарыялашты. Семинардын  тулку бою элдик казынанын улуулугун даңазаласа, сабакта окуучулардын топтордо иштөөсү бекем достукту даңазалоо менен сабак максатына жетти.

 

Улуттун улуулугун даңктаган бул семинар шаардык деңгээлде мугалимдин элдик педагогиканы колдонуу ыкмасын жайылтуу максатында тандалды. "Балдардын патриоттук сезимдерин ойготуу, эпостун маани-маңызын тереңдетип берүү үчүн кырк чорону уюштуруп сабак өтүүнүн жаңы ыкмасын жайылтуу мен үчүн чоң жетишкендик"- дейт  Назгүл Токтомаматовна.Ошондой эле  Назгүл эжеке өз сөзүндө жалпы коллективге, мектептин жетекчилигине, Кара-Көл ШБББнө ыраазычылыгын билдирип кетти.

"Жандоочу кийик аттырат" демекчи коллективдин биримдиги семинардын көркүн ачып, атагын чыгарды.

 

Кара-Көл ш.13.03.2021-ж