Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара-Буура райондук Кароо сынак- 2017ж.

      Кара-Буура райондук билим кызматкерлер кесиптик бирлиги, Кара-Буура райондук билим берүү тармагында эмгектенген  кызматкерлердин арасынан мыкты, таланттуу мугалимдерди жана тарбыячыларды тандап облустук кароо сынакка катыштыруу максатында "Жылдын мыкты мугалими жана мыкты тарбыячысы-2017" кароо-сынагы уюштурулду.Кароо-сынак үч этаптан-биринчи тест,э кинчи -сабак-таймаш, үчүнчү-райондук кароо-сынактан турду. Сынакка 51 билим кызматкерлери катышты. Тесттен өткөндөр сабак таймашка катышышты, ал эми сабак таймаштан  өткөндөр үчүнчү тур райондук сынакка катышышты. Райондук кароо-сынакка 9-мугалим, 7-тарбыячы катышып, жеӊүүчүлөр аныкталды. Гран приге 120 балл менен М.Чалданбаев атындагы орто мектебинин мугалими Калдыралиева Эльнура Маратовна жана 117 балл менен "Өмүр" бала бакчасынын тарбыячысы татыктуу болушту. Гран принин ээлерине райондук мамлекеттик администрация тарабынан 3000 сомдук духовкалар тапшырылды, ал эми райондук билим кызматкерлер кесиптик бирлиги тарабынан бардык катышуучуларга 500сомдук белек-nicer-dicer, гран при, биринчи орун, экинчи орун, үчүнчү орун алган жеӊүүчүлөргө акчалай сыйлыктар берилди.