Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кара- Көлдө ыйман, адеп жана маданият жылына, 1-октябрь –улгайгандардын күнүнө, мугалимдердин кесиптик майрамына карата “Устат жана шакирт” атту иш-чара өттү

    Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында ыйман, адеп жана маданият жылына, 1-октябрь –улгайгандардын күнүнө, мугалимдердин кесиптик майрамына карата “Устат жана шакирт” темасынын алкагында методикалык семинар өттү. Бул семинарды шаардык билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинети менен профсоюздун шаардык комитети биргелешип өткөрдү.  Аталган иш-чарага билим берүү мекемелеринен ардагер-устат мугалимдер,жаш адистер,мекеме жетекчилери катышышты. Семинардын максаты жаш мугалимдерди кесипкөйлүккө үндөөгө арналып, устатчылык -шакирт темасында докладдар окулду. Жаш мугалимдер улуу муундан үлгү алып,  “Мен  чыныгы мугалим боло аламбы?”  деген ой-толгоолоруна жоопторду ала алышты. Устаттардан алган тажрыйбаны окуучуларга сапаттуу билим-тарбия берүүдө, заманбап мугалим болууга жасаган аракетинде жардам берет деген ойлорун билдиришти. Ал эми ардагер устаттар  өз тажрыйбасын жаштар менен кеңири бөлүшүштү.