Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кана эмесе жигиттер” аттуу конкурс

            Ноокен районунун Момбеков айыл округуна караштуу № 34 “Жазгак” атындагы орто мектебинде 2018-жылдын 22-февраль күнү Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш чара уюшкандыкта өткөрүлдү. Иш чарага афган согушунун жана баткен согушунун ардагерлери А. Кимсанбаев, А. Арстанов, Т. Муратов, Жазгак айыл башчысы                              Т. Мамадалиев, айылдык кеңештин депутаты Б. Арапов, Ноокен райондук аскер комиссиаратынан биринчи орун басары Н. Кожомкулов, ИДН кызматкери милициянын лейнанты Э. Кудайназаровдор келип катышышты.

Аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими М. Мамадалиев даярдаган  10-11-класстарынын окуучулары  өз чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Келген конокторго каалоо-тилектер айтылып, белектер тапшырылды жана сый тамак уюштурулду.

№ 34 “Жазгак” атындагы орто мектебинин

профкому Г. Абдраимова