Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кайрадан ишеним көрсөтүлдү.

Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин райшаардык комитеттердин отчеттук-кайра шайлоо конференцияларын өткөрүлдү. боюнча  графигинин негизинде 2020-жылдын 21-декабрь күнү Ноокен райондук Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун 20-отчеттук конференциясы өткөрүлдү. Анда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович, Жалал-Абад обкомунун төрагасы Исмаилов Абдукахар Арапович, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Осмонов Абдрахман Куватович, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобаев Нурбек Курманбекович, ардагер билим берүү кызматкерлери, чакырылган коноктор, 50 делегат катышышты. Конференциянын ачылышында 9 ардагер билим берүү кызматкерлери Ноокен райондук “Билим берүүнүн ардагери” төш белгиси менен сыйланышты. Андан сырткары социалдык өнөктөштөр Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын экс-акими Э.С.Маматаев, Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.М.Алыкулов “Кыргыстан профсоюздарынын отличниги” төш белгиси менен сыйланышты.Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов 2015-2019-жылдардагы аткарылган иштери жөнүндөгү отчетун берди. Ошондой эле текшерүү комиссиясынын төрагасы А.Мусаевдин 5 жылдык отчету угулду. Жарыш сөзгө чыккан делегаттар бардыгы отчетту канааттандырарлык деп баалашып, К.Нышановго ишеним билдиришти. Делегаттар текшерүү комиссиясынын отчетун бекитишти жана райкомдун жана текшерүү комиссиясынын жаңы курамы ачык добуш менен бекитилди. Нышанов Кубанычбек Калдаровичтин талапкерлиги сунушталды жана делегаттар бир добуштан колдошуп, ага ийгиликтерди каалашты. Борбордук Комитеттин төргасы Асылбек Токтогулович жаңы курамды жана төрага Нышанов Кубанычбек Калдаровичти куттуктады. Төраганы  бир добуштан шайлап алгандыгы Ноокендиктердин ынтымагын, ишти мыкты аткарган азаматтардын эмгегин баалай билгендигин жогору баалады. Конференциянын жыйынтыгында К.Нышанов сүйлөп, келген конокторго, делегаттарга жана ыраазычылык билдирди.

Ноокен райКБКнын инспектору

Т.Бакиров