Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КАДАМЖАЙ РАЙОНУНДА ЖАНЫ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

       Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев  жарыялаган «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» иш чараларынын алкагында 2017-жылдын 30-август күнү Кадамжай районуна караштуу Охна айылында «Баластан-Охна» балдар бакчасынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлү Губернатору Абиш Калмурзаевич, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Мадеминов Мурадыл Ганыевич, Кадамжай раймамадминистрация башчысы-аким Исаков Жаныбек Маматович, акимдин орун басары Токто Ильязова,  Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Гайбуллаева Жениш  Орозбекович, айыл өкмөттөрдүн, бакчалардын жетекчилери, ата-энелер жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы Губернатордун орун басары Абиш Калмурзаев балдардын эртенки куну бүгүндөн башталарын айтып, балдар бакчасына муздаткыч, оюнчуктарды тапшырды. Жаны бала бакча 200 орунга ылайыкташтырылган.