Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда «Кыргыз тил» майрамы болуп өттү

      Кыргыз  Республикасынын  Мамлекеттик   тил мыйзамынын  кабыл алынгандыгын 27 жылдыгын белгилөө  коомдук чөйрөдө  мамлекеттик тилдин  ролун жогорулатуу, Кыргыз элинин  каада-салттарын, рухий дөөлөттөрүн, маданий тарыхый мурастарын кеӊири  даназалоо, өсүп келе жаткан  жаш муундардын мекенчилдик сезимин  калыптандыруу  максатында  Кадамжай  районунун  билим берүү бөлүмү  тарабынан  20- сентябрдан  20-октябрга чейин «Кыргыз  Республикасынын  Мамлеккеттик   тили жөнүндөгү» мыйзамын  ишке ашырууну  бир айлыгы  жарыяланган .

      2016-жылдын 25-октябрь күнү  бир айлыктын  жыйынтыктоочу  кечесинде «Орнок» орто мектеби  менен «Кулду» орто мектебинин  мугалимдеринин  ортосунда.

      «Эне тил - элди, тарыхты тактаган, Эне тил-эл журтту сактаган» аттуу  адабий  музыкалык   таймаш өткөрүлдү. Таймашта  эки мектептин  мугалимдери  өздөрүнүн өтө чоӊ чеберчиликтери менен  кыргыз тилине  болгон  урмат  сый, эне тилинин,  эне дилинин  улуктугун  данктаган, Кыргыз тилинин  улуулугун сактаган  номерлер  менен  чыгып  таймаш жогорку  деӊгээлде  өткөрүлдү.

       Жыйынтыгында «Кулду» орто мектебинин  мугалимдери 1-орунду, «Орнок» орто мектебинин  мугалимдери  2-орунду камсыз  кылышты.

        Катышуучуларга  билим берүү  бөлүмү менен билим жана илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун Кадамжай райондук комитети тарабынан Ардак  Громаталар берилди.  Билим жана илим   кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай райондуцк комитети  тарабынан  мектеп жамааттарына  баалуу сыйлыктар тапшырылды.