Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай райондук билим берүү кызматкерлери жайкы эс алуусун көӊүлдөгүдөй өткөрүштү

    Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган «Ыйман, адеп жана маданият жылынын» иш чараларынын алкагында Билим берүү кызматкерлеринин Кадамжай райондук профсоюз комитети тарбынан быйылкы жылы дагы мугалимдердин жайкы эс алуусу жылдагыдай жогорку деӊгээлде уюштурулду. Бул жолу мугалимдердин жайкы эс алуусу алгач Кара-Шоро, Сары-Челек коруктарында андан кийин Ыссык-Көл жээгинде өттү. Эс алууга мектеп жетекчилери, окуу бөлүмунүн башчылары, баштапкы профсоюз уюмунун төрага, төрайымдары жана райондук, облустук сынактарда байгелүү орунду ээлеген мугалимдер барып, ден-соолугун чындап, 2017-2018-окуу жылына жаны дем, жаны күч менен келишти. Жалпысынан алганда Кара-Шородо 80, Сары-Челекте 75, Ыссык-Көлдө 120 мугалим эс алды.         

   Кадамжай райондук профсоюз комитети мугалимдердин эртенки күнүбүздүн ээси-келечек муундарга татыктуу билим беришине  терен ишеним артат жана мындан кийин дагы билим берүү кызматкерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр.