Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунун мектептериндеги тамактандырууну оптимизациялоо

Кадамжай   районуна  караштуу  Үч-коргон  айыл  аймагындагы Жомий  атындагы  орто  мектебинде  Кадамжай  райкомпрофсоюз   комитетинин  колдоосу  менен “Окуучуларга  ысык  тамак   уюштуруу”  боюнча семинар  өткөрүлдү. Семинар  мектеп   директорлордун  жана   райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  кызматкерлеринин    катышуусунда  өттү.

Семинардын  максаты:   Окуучуларды  колдоо,  ден-соолукту   жана  тамактанууну   жакшыртуу.

№20  Маканов  атындагы  орто   мектебинин   директору   К.Мурзаева  өзүнүн  тажрыйбасы   боюнча  өтө   жакшы  слайд   көрсөтүү   менен   айтып  берди.  Бардык   мектептерге   жайылтуу  сунушталды.  

 

 

Маалыматты  даярдаган: 

Уюштуруучу  адис:   

Ажиева   Феруза.