Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында Куурчак театр фестивалы өткөрүлдү

Кадамжай  районун  Үч-Коргон айыл аймагындагы маданият үйүндө "Региондорду өнүктүрүү   жана өлкөнө санариптештирүү" жылына карата  англис тили предмети боюнча  Куурчак театр фестивалы Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитетинин  колдоосу  менен өткөрүлдү. Фестивалдын максаты мугалимдердин окуучулардын англис тилдерин терең үйрөнүп, театрлаштырылган роль катары  жеткирүү. Фестивальга Билим  берүү  бөлүмүнүн  методисти Галмаматова  Канзаада, райондун   жалпы англис  тили  мугалимдери  жана  окуучулар  катышты. Иш  чаранын  соңунда  мыкты  аткарган  жана  англис  тилин  мыкты  сүйлөй  алган  мугалимдерге  жана  окуучуларга  райкомпрофсоюз  тарабынан  белектер  берилди.  Иш  чара  жогорку  деңгээлде  өттү.

РПК:  Ф.Ажиева.