Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районундагы мектептерде жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүрүп жатат.

Кадамжай районундагы мектептерде жыйынтыктоочу

мамлекеттик аттестациялоо жүрүп жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин убактылуу жобосуна ылайык, ар бир мектепте, кааналарда бардык санитардык эрежелерди аткаруу менен бирге Кадамжай районундагы мектептердеда жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүрүп жатат. 2019-2020- окуу жылында райондогу мектептерде 9-классты 3160 окуучу, ал эми 11-классты 1873 окуучу аяктап жатат. Кадамжай районундагы бардык мектептерде жамааттын аттестациялоо уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн иштери райондук билим берүү тарабынан каралып, көзөмөлдөндү. Мектептерде предметтик комиссиялар аралыкты, коопсуздук эрежелерин сактап иштешти. Мектептин алдына кол жуучу, дезинфекциялык каражаттар коюлган.

Быйыл коронавируска байланыштуу бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы өзгөргөн. Ар бир предмет боюнча комиссия түзүлдү. Комиссия курамы бүтүрүүчүнүн буга чейинки текшерүү, практикалык, лабораториялык иштеринин жыйынтыктарын жана чейректик, жарым жылдык, жылдык жетишүүсүн эске алуу менен жыйынтыктоочу экзамендик бааны коёт.

Материалды даярдаган

Билим жана илим кызматкерлеринин

Кадамжай райондук комитетинин

уюштуруучу адиси: Кошатова Айзирек Сүйүновна.