Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районундагы бардык мектептерде 1- сентябрда 4757 миң жеткинчектер мектеп босогосун аттады.

Кадамжай районундагы бардык мектептерде 1- сентябрда

4757 миң жеткинчектер мектеп босогосун аттады.

 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы мектептер 1-класска 4757 миё окуучу кабыл алышты. Салтка айланып калган линейка кырдаалга байланыштуу жылдагыдай болгон жок. 1-класстын окуучулары аралыкты сакташып, шахмат түрүндө эрежени сактап тизилишти. Келген мугалимдердин жана окуучулардын дене табын текшерип киргизишти. Мектептерде СОVID-19 илдетинин алдын алып, 1-класстар үчүн кол жуучу урна, тепловизор, гигиеналык жана антисептикалык каражаттар менен камсыздалган. 1-класстын окуучуларына жана ата-энелерге мугалимдер кантип эрежени сактоону үйрөтүштү. Мектептерде 1-класстар бардык эпидемиологиялык-санитардык эрежелерди сактоо менен «Менин сүйүктүү Кыргызстаным» деген темада биринчи сабак өткөрүлдү. Ал эми 5-11-класстар «Бактылуу үй-бүлө- бактылуу коом» деген темада сабак өтүштү. Күнүгө окуучулардын жана мектеп кызматкерлеринин дене табын текшерүү менен мектепке киргизүү жагы каралган.

 

Урматтуу агартуу жаатында эмгектенип жаткан мугалимдер, ардактуу агай-эжекелерибиз, кымбаттуу окуучулар!

Жалпыңыздарды жаңы окуу жылы менен куттуктайм! Жаңы окуу жылын жылдагыдай кучак толо гулдөр менен, коңгуроонун коштоосунда билим уясы болгон мектепте эмес, үй шартында тосуп жатасыздар. Бул да болсо элибиздин ден соолугуна болгон камкордук деп эсептейм. Жаңы окуу жылында жалпыңыздарга бекем ден соолук, бейпил жашоо каалаймын. Дагы бир ирет “Билим күнү” майрамыңыздар менен!

Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин

Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси:

Кошатова Айзирек Сүйүновна.