Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда «Жыл мугалими-2020» сынагы өттү.

Кадамжай районунда «Жыл мугалими-2020» сынагы өттү.

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда «Жыл мугалими2020» сынагы өттү. Сынака жалпысынан 9 мугалим катышып, кырдаалга байланыштуу сынактын видео сабактары аралыктан өткөрүлдү. Сынак 2 этапка бөлүнүп өттү.

1-этап 16-июнь А.Масалиев атындагы орто метебинде мугалимдердин даярдаган мугалимдин даярдаган презентациясы, предметтик видео сабагы, тарбиялык сааттын видео- сабактарын көрүп чыгышты.

2-этап 17-июнь А.Масалиев атындагы орто метебинде мугалимдер үчүн атайын даярдалган педагогикалык жана психологиялык тест, педагогикалык кырдаал, мугалимдин академиялык чөйрөсүн түзө алуу боюнча тестерден сынактардан өтүштү. Кароо сынака төмөнкү 9 мугалим катышты.

1. А.Масалиев ат.о.м кыргыз тили жана адабияты мугалими- У.Койчубаева

2. Кадамжай кыргыз лийцейинин тарых мугалими- Б.Абжапарова

3. М.Таиров ат.о.м информатика мугалими- А.Коконова

4. О.Тешебаев ат.о.м Физика мугалими- З.Абдрахманова

5. О.Маканов ат.о.м кыргыз тили жана адабияты мугалими- Э.Гулматов

6. «Орук-Зар» о.м. кыргыз тили жана адабияты мугалими Н.Абдрахманова

7. К.Саттаров ат.о.м тарых мугалими- З.Курбанова

8. «Ынтымак» ат.о.м математика мугалими- К.Юсипова

9. Манас- Ата о.м биология мугалими- Ж.Чойонова

Кароо сынактын максаты мектептерде чыгармачыл, мыкты мугалимдерди табуу, алардын иш тажрыйбасын жайылтуу, алдынкы педагогикалык ойлордун жыйынтыгын түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында кароо сынактын женүүчүсү А.Масалиев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими- У.Койчубаева областтык турга жолдонмо алды.

Кароо сынакка катышкан мугалимдерге Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошов тарабынан баалуу белектер тапшырып, андан сырткары Кыргыз жеринин бермети болгон Ыссык-Къл жээгине беш күндүк эс алууга жөнөтөөрүн айтты.

Материалды даярдаган Билим жана илим кызматкерлеринин

Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси:

Кошатова Айзирек Сүйүновна