Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда жаны курулган мектеп пайдаланууга берилди

     2018-жылдын 13-февралында Кадамжай районуна караштуу  Орозбеков айыл аймагында Күлдү орто мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.

Салтанаттуу ачылышка  премьер-министр Сапар Исаков, Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү А.Калмурзаев, Кадамжай райондук мамлекеттик администрация  башчысы- аким Жаныбек Исаков,  Билим берүү бөлүмүнүн  башчысы Ж.Гайбуллаев, райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Момошов айыл өкмөттөрдүн, мекеме иш каналардын, мектептердин жетекчилери жана Орозбеков айылынын жергиликтүү  тургундары  катышты.    Күлдү орто  мектеби 275 орунга ылайыкташтырылган. Мектептин курулушу 2015-жылы күз айларында башталып, курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 55 млн 500 миң сом бөлүнгөн. Мектепте спорт зал, жаңыланган эмеректер, компьютердик класстар бар. Кол эмгек сабагы өтүүчү бөлмөдө тигүү машиналарына чейин коюлган.                 

Күлдү орто мектебинин ачылуу аземи үчүн мектеп жамаатына уюштуруу иш-чараларын өткөрүү максатында райондук профсоюз комитети жана жетекчилик тарабынан   акчалай сыйлык менен баалуу белектер  берилди.