Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда коллегия болуп ɵттү

Кадамжай районунда 2018-жылдын 20-апрелинде Райондук билим берүү бɵлүмүнүн кезектеги коллегиясы болуп ɵттү. Коллегияга  Кадамжай райондук билим берүү бɵлүмүнүн, райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери жана мектеп  жетекчилери катышты.  Коллегияда билим берүү  бɵлүмүндɵ 2018-жылдын апрель айына чейин алып барган иштери тууралуу, ар бир кызмат боюнча адистер маалымат беришти.                          

Иш чаранын жүрүшүндɵ тɵмɵнкү маселелер каралды:

  1.  Кɵксал Топтан атындагы орто мектебинин окуу-тарбия иштеринин жүргүзүлүшүндɵ окутуунун стандарттык эмес формаларын  колдонуунун, окуучулардын билим сапатынын деӊгээлинин абалы жɵнүндɵ.
  2. КРнын “Билим берүү жɵнүндɵгү” Мыйзамынын талаптарынын Марказ, А.Масалиев айыл аймактарындагы мектептерде аткарылышы.
  3. КРнын 2014-2020-жылдарга Мамлекеттик тилди ɵнүктүрүүнүн улуттук программасынын улуттук мектептерде аткарылышы жана окутуу абалы.
  4. Айдаркен шаардык мэриясында, Бирлик айыл аймагында жайгашкан мектептерде окуу бɵлүм башчыларынын алдынкы педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу боюнча аткарып жаткан иштери.
  5. Лицейлердеги жана гимназия мектептердеги предметтик ийримдердин отулуу абалы, иш кагаздарынын, окуучулардын билим сапатынын деӊгээли.
  6. Ар түрдүү маселелер.

Коллегиянын жыйынтыгында ар бир мектептин жетекчилерине райондук профсоюз комитети тарабынан эмгек кодекси жана башка колдонмо китептер таратылып концултациялар берилди.