Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай районунда балдардын жайкы эс алуусу жогорку деӊгээлде уюштурулду

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  профсоюзунун  Кадамжай  райондук  комитети  2019-жыл  балдардын  жайкы  эс  алуусун  жогорку  деӊгээлде  уюштурду.     Облустук комитет тарабынан  бөлүштүрүлгөн  жолдомолордун негизинде  Кадамжай  районунда жайгашкан  “Ак-Суу” балдардын ден соолугун чыңдоо лагеринде  02-июль  күнү балдардын  эс алуу  күнү  башталды.                                                                                                    

Лагердин  ачылыш  аземине  Билим  жана  илим  кызматкерлеринин  Кадамжай  райондук  комитетинин   төрагасы   А.Момошов  катышып,  лагердин шарттары  менен  таанышып   чыкты.  Лагердин жетекчилери жана  тарбиячылары жакшы даярдык менен тосуп алышты. Ошондой эле балдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, лагердин шарттары менен тааныштырышты.    

Балдардын келишине арналып атайын майрамдык түшкү тамак даярдалган. Балдардын коопсуздугун сактоо иретинде ички иштер бөлүмдөрүнөн кызматкерлер коштоп барышты. Эс  алуучу  балдар  чакан  концерттик  программаларын  уюштуруп, бийлешип,  ырдашып   өз   таланттарын  көрсөтө  алышты. Аземдин  сонунда  эс  алуучу  100  окуучуга  райкомпрофсоюз  тарабынан  балмуздак, суусундуктар   берилди.

 

Материалды  даярдаган    уюштуруучу  адис:

 Ф.Ажиева