Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай райондук профсоюз комитети отчёттук кайра шайлоо конференциясын өткөрдү.

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин отчёттук кайра шайлоо конференциясы болуп өттү. Кадамжай райондук профсоюз комитетинин  Х-конференнциясын 2020-жылдын август айларында өткөрүү пландалган эле. Бирок өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу узартылып 2020-жылдын 13-октябрында Кадамжай районундагы  №17 А.Масалиев атындагы мектептин актовый залында өткөрүлдү. Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу  социалдык аралыкты жана санитардык эрежелерди сактоо менен башталды. Келген меймандардын дене табын текшерүү менен киргизүү  тепловизор, мектептин кире беришине хлордонгон килемче жана гигиеналык жана антисептикалык каражаттар уюштурулган. Келген  делегаттар  шахматтык түрдө аралыкты сактоо эрежесине ылайык жайгаштырылышты. Конференцияга  билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы Ботоков Завридин, Кадамжай райондук администрациясынын башчысынын орун басары Асанова Мээринса, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Орозбаев Жеӊиш, райондук билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Сарымсаков  Абдулазиз  жана райондук конференциянын 45 делегаттын катышуусунда өткөрүлдү. Конференциянын жүрүшүндө президиум, пленум, жана текшерүү комиссияларынын жаӊы курамы бекитилди. Күн тартибиндеги 6 маселе каралып чыгып, токтомдор кабыл алынды. Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Момошовдун 5 жыл ичинде аткарган иштерин конференцияга келген жетекчилер жана делегаттар тарабынан эӊ жогорку баа берилип, ушундай жакшы иштерди аткаргандыгы үчүн ыраазычылыктарын билдиришти. Конференцияга катышкан жалпы делегаттар Момошов Абдуалим Юнусалиевичти кайрадан Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Кадамжай райондук комитетинин төрагалыгына бир добуштан шайлап, бир да делагат каршы болбой 100% макулдук менен кайрадан төрага кылып шайлап алышты. Конференция жогорку деӊгээлде өткөрүлдү.  Конференциянын жалпы катышуучуларына сумка, перчатка, маска, ручка, тетрадь, ж.б керектүү иш кагаздары менен камсыздалды. Кырдаалга байланыштуу сый тамак уюштурулбай, ар бир келген делегатка акчалай сыйлык ыйгарылды.

 

 

Материалды даярдаган Билим жана илим

кызматкерлеринин профсоюзунун 

Кадамжай райондук комитетинин уюштуруучу адиси: Кошатова Айзирек Сүйүновна.