Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясы болуп өттү

Кадамжай  районундагы   “А.Масалиев”  атындагы  орто  мектебинде  Райондун  аймагындагы  коп  тилдүү  билим  берүү   программасы  боюнча  иштеген   мектептердеги  абалды  текшерип  чыгуунун  жыйынтыктары  жөнүндө   коллегия  болуп  өттү.                                                      

Райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  2018-2019- жылдын   түзүлгөн  иш  планына  ылайык  2018-жылдын   октябрь  айында  мектептерде  иш  жүргүзүлүп  жаткан  коп  тилдүү   билим  берүү  программасынын  ишке  ашырылыш  абалы  текшерилип  чыгылды. Текшерүүгө  Курбанов, Рудаки, Бабур, Рузиматов, Айни  атындагы орто  мектептери  тартылды. Коп  тилдүү   билим берүү  программасы  ОБСЕ  жана  ЮНЕСКОнун  колдоосу  менен  Латвия, Эстония, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстанда  ишке  ашырылууда. Бул  программа  Кыргызстанда  2011-жылы иш  баштап, Кадамжай районунда 2015-жылдан   өз  ишин  жүргүзө  баштаган. Коллегияда  мектептердин  ашканасын  тазалыгын  жана  окуучулардын  тамак-ашы  боюнча  сөз  болду.

 

 

               Материалды  даярдаган  уюуштуруучу  адис:

   Ажиева Ф.