Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Ишембилик өткөрүлүүдө

2021-жылдын 14-августунан баштап  шаар аймагында айлана-чөйрөнү  санитардык абалын жакшыртуу максатында ишембелик өткөрүлүүдө. Таш-Көмүр шаардык билим берүү  бөлүмүнө караштуу бардык  жалпы  билим берүүчү орто мектеп, мектепке чейинки, мектептен  тышкаркы мекемелер ишембиликке активдүү катышышты. Ошондой эле ар бир мекеме-уюмдар өз ишканасынын айлана-тегерегин иретке келтирип,  тазалоо иштерин жүргүздү. Жаңы окуу жылына даярдык иш-чаралары бардык баштапкы кесиптик уюмдарда системалуу  жүрүп  жатат.

 

Маалыматты даярдаган: Таш-Көмүр шаардык КБКнын төрагасынын милдетин аткаруучу Б.Деванаева