Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Иш берүүчүлөр менен студенттердин, мугалимдердин жолугушуусу өткөрүлдү

Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин  химия кафедрасында иш берүүчүлөр менен студенттердин, мугалимдердин жолугушуусу өткөрүлдү.

Бул жолугушууда ЖАМУнун химия кафедрасынын башчысы Н.Арстанбекова химия адистиги боюнча окуп жатышкан студенттердин окууга болгон кызыгуулары, аларды окутуу үчүн  түзүлгөн билим берүү программасы жана бул кафедранын бүтүрүүчүлөрүнүн бүгүнкү иш менен камсыз болуусу, алардын ийгиликтери жөнүндө кеңири баяндама жасады.

Иш берүүчүлөр өздөрүнүн ой пикирлерин, сунуштарын айтышты.

Иш берүүчүнүн өнөктөшү катары билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалиев, химия кафедрасынын бүгүнкү иштерине оң баа берди жана келечекте химия мугалимдерин даярдоодо окутуучуларга ийгилик каалады.

Материалды даярдаган Абдимажит Орозалиев