Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Исфана орто мектебинде “Мыкты мугалим-2020” конкурсу

2020-жылдын 22-февраль күнү Лейлек районундагы "Исфана" орто мектебинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген “Региондорду оөнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында  "Мыкты мугалим - 2020" кароо сынагынын мектептик баскычы өткөрүлдү. Кароо сынакка мектептин 6 усулдук бирикмесинен 6 мугалим катышып, өз ара ат салышты. Жыйынтыгында "Исфана" орто мектебинин "Мыкты мугалим - 2020" наамын мектептин математика мугалими Хусан уулу Довлатжан женип алды. Катышуучуларга мектеп администрациясы, кесиптик кошун, мектептин демөөрчүлөрү тарабынан 15000сомдон жогору баадагы ар түрдүү белектер, тийиштүү мекемелердин "Ардак грамоталары", "Ыраазычылык каттары", ошондой эле, мектеп администрациясынын атайын үлгүдөгү дипломдору ыйгарылды. Уюштуруу жана жабдуу иштерине 10000сомго жакын акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, мектептин директору Худойназаров Довронбек Собиржанович февраль айынын жыйынтыгы менен Лейлек райондук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин грамотасы менен сыйланды.

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева