Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

ИПОТЕКАЛЫК ҮЙЛӨРДҮ АЛУУДА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СОЦИАЛДЫК АБАЛЫНА ЖАРАША ЖЕҢИЛДИКТЕР КАРАЛУУДА

Буга чейин ОшМУда иштеген кызматкерлердин 26сы  Ош шаардык муниципиалдык, 115и мамлекеттик, 2 адам альтернативалык ипотекадан үй алышкан.  Мындан ары да ипотекалык үй алууга кызыкдар кызматкерлерге жеңил шарттарды түзүү максатында тиешелүүлөр менен жыйын болуп өттү. Ага Ош шаардык мэриясынын жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси Таймураз Исакжанов, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы «Турак жай курулушун өнүктүү, инвестиция жана инновациялык технологиялар фонду» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кутманалы Абдырахман уулу, ОшМУнун турак-жай куруучулар фонду, West way Elet, Курулуш инвест компанияларынын өкүлдөрү ипотекага үйлөрдү алуу боюнча суроолорго жооп берди.  

Кутманалы Абдырахман уулу:

- Өкмөттүк жана муниципиалдык ипотекалардын шарттарын өзгөртүү боюнча, тактап айтканда социалдык абалына жараша айрым адамдарга проценттик төлөмдөрдү же муниципиалдык ипотека менен берилген батирлердин  бааланышын кайра эсептеп арзандатуу боюнча сунуштарыбыз каралып жатат. Ош шаарынын эсебинен биринчи жолу ипотекалык негизде курулуучу көп кабаттуу үйдүн долбоору даярдалууда.  Долбоор аяктап, тендер жарыяланса көп кабаттуу үйдун курулушу шаардагы Курманжан датка көчөсүндө башталат. Ал дал ушул курулуп жаткан көп кабаттуу үйдөн ОшМУнун кызматкерлери да алууга толугу менен укуктуу деди.

Ал эми ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов ипотекалык үйлөр боюнча буларды айтты:

- Учурда документ тапшырган 100 дөй адам кезегин күтүп турат. ОшМУнун алдында турак-жай куруучулардын фондун түзүү боюнча иштер жүрүүдө. Ош шаардык мэриясы бизге жер участогун бөлүп берсе, курулуш компаниялары менен биргеликте аракеттенип баштайбыз. Учурда мындай жол менен турак-жай алууга 85 адам арыз берген.

 

 

-------------

Маалыматты даярдаган: 

Суйумкан Арзиева