Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Инновациялык мектептер - билим берүүнүн таянычы

                      КРнын  Билим  берүү  жана   илим   министригинин   иш-чараларына  ылайык   республикабызда 100  инновациялык  мектептер  аныкталып,   аларга  өзгөчө  макам  берилип  билим  берүүнүн  усулдук  борбору  деӊгээлинде  иштей  башташты. Ноокен  районунда  №1  Ж.  Бөкөнбаев  атындагы  орто  мектеби,  Н. Исанов  атындагы  жатак   гимназия  мектептери 100  мектептин  катарында  иновациялык  мектептер   макамын  алышып жаны  окуу  жылын  башташты. 

                   2014-жылдын  11-12-сентябрь күндөрү  райондун  баштапкы  профсоюздук  уюмдарынын  жетекчилеринин  семинардык  кеӊешмелери  3  тайпага  бөлүнүшүп  88 төрагалардын  катышуусу  менен  инновациялык   мектептердин   базасында өткөрүлдү.

Семинардык  кеӊешме төмөнкү темалар   боюнча  болуп  өттү.

1. Ноокен  райондук  комитеттин  2014-жылдын  1-жарым  жылдыгындагы  аткрылган  иштери  жөнөндө.

2. 2014-жыл 7-9-июлда Арстанбап  пансионатында  БКнын  бөлүм  башчысы  К.  Ниябековдун  катышуусу  менен өткөрүлгөн  облустук  семинардын  материалдары  менен  тааныштыруу.

3. Райондун  баштапкы  профсоюздук  уюмдарында  отчеттук  жана  кайра шайлоо   чогулуштарын  өткөрүү  боюнча  усулдук материалдар  менен  тааныштыруу.

4. Билим  берүү  тармагында  жамааттардын  ортосунда  2014-2015 –окуу   жылында  мелдештерди  уюштуруу   жөнүндө.

5.  «Профсоюздун   ишмердулугунда  инновациялык  иштер  жана  жаштар  жылына»  карата  жащ  жетекчилердин  арасында   өткөрүлгөн  «Жылдын  мыкты  профсоюздук  уюму  жана   төрагасы-2014»  райондук  кароосун  жыйынтыктоо   жөнүндө.

6.  Баштапкы  профсоюздук  уюмдун  иш  кагаздарын  жургузуу боюнча  тажрыйба  алмашуу

7.   Борбордук  Комитеттин  Ош  шаарында  17-19-сентябрь   күндөрү өтүүчү  көчмө  Пленуму  материалдары  менен  тааныштырылды.

                       Семинар     инновациялык мектептердин   жаны  технологиялык  жабдууларынан пайдалануу менен   өткөрүлгөндуктөн   кызыктуу   жана  мазмундуу  өттү.

                  

 

     Семинардын  катышуучулары  Борбордук  Комитеттин  кезектеги  көчмө  Пленуму  ишине  ийгиликтер  каалап,  билим  берүү  кызматкерлеринин көйгөйлүү  маселелери  чечилишине  чоң  ишеним  билдиришти.

   

 

      Ноокен  райондук  комитеттин  төрагасы:                          А.Айдаров.