Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Инновациялык ресурстарды колдонууаркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” шаардык семинарында мугалимдер тажрыйба алмашышты

Жалал-Абад областына караштуу Кара-Көл шаарындагы Ч.Түлөбердиев атындагы №2 жалпы билим берүү инновациялык мектебинде “Инновациялык ресурстарды колдонуу аркылуу окуучулардын билим сапатын көтөрүү” деген темада шаардык семинар болуп өттү.

Семинар Кыргыз Республикасынын Гимни менен жана мектептин директору С.Т.Жумабекованын кириш сөзү менен башталды.Куттуктоо сөздөрдү ШБББнүн башчысы А.Б.Мырзалиева, шаардык кеңештин депутаты З.Бопошев, шаардык кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмесинин жетекчиси Б.К.Мүсүралиев, ШБББнүн профсоюз комитетинин төрайымы  А.К.Каракозуевалар сүйлөштү.

Семинардын биринчи бөлүгүндө төмөнкү  тажрыйбалуу мугалимдер:немец тили мугалими Н.К.Нусубалиева “Was tut den weh?”, кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими А.Б .Касымбекова Ж.Мавляновтун “Нан”, тарых сабагынын мугалими М.К. Байымбетов “Кыргызстандын борбордук Азияга үстөмдүк үчүн күрөшү”,башталгыч классынын мугалими Оганова Э.Ш. “Исхак Раззаковдун балалык кези”, химия сабагынын мугалими Бекова Г.А. “Кислоталар”, орус тили сабагынын мугалими Шарипова Э.М. “Музыка утра” деген темаларда келечек муундарга алдыңкы технологияларды колдонуп,сабак өтүүнүн жаңы ыкмаларын пайдаланып , бүгүнкү күндүн талабына ылайык сабактарды өтүштү.

Семинардын максаты -улам өзгөрүп жаткан көп түрдүү дүйнөдө, жеке жана коомдук жыргалчылыкты камсыз кылган инсандык, жарандык жана кесиптик ишке даярдыгы бар инсанды тарбиялоо. Жаңыча окутуу, жаратуу, кабылдоо, өздөштүрүү , комплекстүү иш аракеттерди жүргүзүүнүн натыйжасында, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү, бири-бири менен тажрыйба алмашуу болуп саналат.Семинарга ШБББнөн, шаардык кеңештин депутаты, мектептин жетекчилери менен мугалимдери катышышты.Тегерек столдо мугалимдер өздөрүнүн ой-пикирлерин айтышып, жаңы ыкмада сабактарды көбүрөөк өтүп, жайылтууну сунушташты.

Семинардын экинчи бөлүгү болгон “Мугалимден билим алып өспөгөн, адам болбос өз алдынча көктөгөн” деген аталыштагы музыкалык кечени мектеп жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Н.А.Бабаканова өткөрдү.

Жарым кылымдан ашык тарыхы бар мектеп жөнүндө слайд көрсөтүлдү. Ары түйшүктүү , ары барктуу кесиптин ээлери болгон мугалимдер жөнүндө “Көркөм айтуу” ийриминин окуучулары ыраазычылыгын ыр саптары менен билдиришти. 9”В” -класс-тын кыздары: Д.Рысбекова, Б.Нурдинова, З.Орозалиева, Ш.Советбекова “Кыз Сайкал” аттуу бийди жогорку чеберчиликте аткарып беришти.

Мирлан Самыйкожо акыныбыздын “Адам издейм” аттуу ырын 10-класстын окуучулары: Ж.Мелисова, Рысалы к.Мээрайым, Ж.Дамирбековалар аткарышты.

Абдылас Малдыбаевдин “Мектебим”аттуу чыгармасын Ч.Айтматов атындагы балдар чыгармачылык үйүндөгү “Келечек” комузчулар ансамблинин катышуучулары 5”Б”-классынын окуучусу А.Каптагаева, 7 “А”-классынын окуучусу А.Алмазбекова комуздун коштоосунда тартуулашты.

Эсенкул Ибраевдин 85жылдыгына арналган республикалык “Обондуу ырлар” сынагында 2-орунду жеңип алган , келечектен үмүттөндүргөн 10-класстын окуучусу Шеремат уулу Нармат Эсенгул Ибраевдин “Атама” аттуу ырын агайларга арнап үн созду.

 “Көркөм айтуу” ийриминин катышуучулары ай жүздүү аялзатына, эжеке- энелерге арнап 10-класстын окуучулары: Т.Калмурзаев, Б.Абдилижапаров, Өмүр кызы Каныкей, Ж.Дамирбекова, 5”А”-класстын окуучусу Салмоорбеков Алмаз,5 “в” классынын окуучусу Темирбаев Элмырзалар көңүл толкуткан ыр саптары менен майрамдарын куттукташты. 5”В”-класстын окуучулары : Т.Жумабаев,А.Макенова, А.Жолдошбаева, А.Тургунбаев, Н.Ясынахунов, Э.Темирбаев,Э.Эңишова, А.Койчубаева, Р.Жаныбековтордун аткаруусундагы “Предметтердин акыйнеги” мугалимдерди ыраазы кылды.

Мыкты акыныбыз Гулжамийла Шакированын “Биз адамдар” деген ырын 10-класстын окуучусу Мелисова Жазина көркөм айтып эже- агайларынын алкоосуна ээ болду.

“Айсары кыздын арманы” аттуу дастанды 7”А”-класстын окуучусу Алмазбекова Айдана жогорку чеберчиликте аткарды.

Музыкалык кеченин соңунда акын Акбар Кубанычбековтун “Бир күн” аттуу ырын “Көркөм айтуу” ийриминин жетекчиси Б.Т.Карагулова менен ийримдин катышуучулары ,10-класстын окуучулары: Өмүр к.Каныкей, Кутманалы к.Керемет, Сатыбалдиева Аэлита, Дүйшөнбекова Нурзада, Мамытбекова Камила, Дамирбекова Жазмигүл, Рысалы к.Мээрайым, Надырбаева Айсалкын, Мелисова Жазина, Сейитказиева Айданалар мазмундуу саптары менен жан дүйнөгө дил азык тартуулашып, мектеп окуучулары тарабынан түзүлгөн музыкалык кечени соңуна чыгарышты.

Мектеп жана класстан тышкаркы иштердин уюштуруучусу Н.А.Бабаканованын семинардан өткөргөн иш-чарасы “эң жакшы” деген баага татыктуу болду.

 

Материалды даярдаган:

Каракозуева Айгуль