Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

И.Арабаев ат. КМУда "Физика жана анын окутуу технологиясы" кафедрасынын 65 жылдыгына жана эл агартуунун эмгек сиңирген ишмери, ф.м.и.к. доцент, коомдук ишмер Розетта Айтматованын 80 жылдык мааракесине арналган илимий практикалык конференция

     И.Арабаев ат. КМУда "Физика жана анын окутуу технологиясы" кафедрасынын 65 жылдыгына жана эл агартуунун эмгек сиңирген ишмери, ф.м.и.к. доцент, коомдук ишмер Розетта Айтматованын 80 жылдык мааракесине арналган илимий практикалык конференция болуп өттү. Физика математика, информатиканын проблемалары жана перспективалары тууралуу Республиканын илимпоздору, профессор, окутуучулардын макалалары да атайын жыйнак болуп басылып чыккан. Кош мааракеге баяндама жасаш үчүн жана жылуу сөздөрүн айтууга көрүнүктүү окмуштуулар, коомдук ишмерлер саясатчылыр да келишкен: Академик Аманбек Жайнаков, Айчүрөк Калдыбаева, Роза Отунбаева,Темир Сариев, Айнуру Алтыбаева,Каныбек Иманалиев, Руслан Казакбаев ж.б. Конференцияны даярдоодо жана өткөзүүдө факультеттин профбюросу жана  анын төрайымы Мария Анарбекова да активдүү катышышты.