Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Гапыр Мадеминовдун билим уясы

2021-жылдын 2-мартында улуу устатыбыз Гапыр Мадеминовдун билим уясы №3-эксперименталдык гимназияда "Жаш мугалимдер мектебинин педагогикалык чеберчилигине АЭМ, "Устаттык өнөрү" аркылуу жетүү" деген темада семинар болуп өттү.

Ошол семинарга барганыбызга Аллахка миң мертебе шүгүр деп кесиптештерим менен сүйүнүп, ич-ичибизден ыраазы болуп кайттык. Киргенден баштап гимназиядагы жагымдуу атмосфера, ары маңыздуу, ары көптү үйрөтө турган ачык сабактар, эң оболу Гапыр агайыбыздын асыл ойлору, алтынга тете сөздөрү бул баа жеткис көз ирмемдер болду! Убакыттын кантип өткөнүн такыр сезген жокпуз. Кайра кийинки семинар качан болор экен деп чыдамсыздык менен күткөн ой толгоолор менен кайттык. Азаматсыз акылман АГАЙЫМ !!!