Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Футбол боюнча спартакиада уюштурулду

Жайыл райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан 2018-жылдын 3-ноябрында Кара-Балта шаарынын  №12 орто мектебинин базасында  футбол боюнча  спартакиада уюштурулуп өткөрүлдү.

Футбол боюнча:

1 орунга шаардын №1,2,3,9 жана Алексеевка орто мектептеринин мугалимдеринен турган команда ээ болду.  Алар 3000 сом жана грамота менен сыйланды.

2 орунду Сосновка, Талды-Булак, Сары-Булак орто мектептеринин өкүлдөрү түзгөн команда алды . Грамота жана 2500 сом менен сыйланышты.

3 орунга  шаардык №10,11,12 орто мектептеринин өкүлдөрүнөн турган команда ээ болуп,  2000 сом   жана  грамоталар менен сыйланды.

 

 

Материалды даядаган
Бодачиева Рахат