Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эсепчилерге сүйүнүч тартуулаган белек

Эсепчилерге сүйүнүч тартуулаган белек

2020-жылдын 19-июнунда билим берүү кызматкерлеринин Ош областтык профсоюз комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Т.Токтогуловдун атынан жана областтык комитеттин атынан Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасына 35 миң сомдук компьютерди принтери менен белекке тартуулады.

Белекти алып жатып Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.О. Мусаев Борбордук Комитеттин төрагасы А.Т.Токтогуловко, областтык комитеттин төрагасы С.А.Тойгонбаевке жалпы Борбордук жана областтык комитеттин эмгек жамааттарына ыраазычылык билдирүү менен ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле областтык Комитеттин төрагасы С.А.Тойгонбаев жакында болуп өткөн финансы кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен куттуктап , алдыңкы эсепчилер С.Парпиевага, С.Акматовага, Б.Жолдошоваларга областтык комитеттин атынан Ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тартуулады.

Борбордук жана областтык комитеттин атынан келген баалуу белекти жана сыйлыктарды тартуулагандыгы үчүн башкы эсепчи Т.Мөнөкбаева, экономист Н.Жанышов, билим берүү кызматкерлеринин Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.К.Абдыкадыровдор зор ыраазычылыктарын билдиришти .

Мындай колдоолор билим берүү тармагынын иштеринин жана социалдык өнөктөштүктүн ынтымакта, биргеликте алга жылышына өбөлгө боло бермекчи.

А.К.Абдыкадыров, Алай райондук профсоюз комитетинин төрагасы.