Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эсепчилер менен тажрыйба алмашуу

Областтык комитеттин иш планы боюнча райББнын борборлоштурулган эсепканаларынын эсепчилери үчүн өз ара тажрыйба алмашуу максатында 16-март күнү Баткен РПКнын техникалык инспектору А.Масалиев жетектеген Баткен райББнын эсепчилери Лейлек райББнын борборлоштурулган эсепканасына келишти. Лейлек райондук профсоюз комитетинин ишмердүүлүгү, иш кагаздары жана келечектеги планындагы иштер, жаштар кеңеши боюнча да маалымат алмашуулар болду. Ошондой эле Областтык комитетинин Төрагасы З.Ботоков менен макулдашып, областтык жаштар кеңешинин семинарын апрель айында Лейлек районунда өткөрүү жагы Лейлек РПКнын төрагасы А.Бердиев тарабынан сунушталды.

 

 

 

 

Материалды даярдаган: Уюштуруу иштери боюнча адис Акимов К.А.