Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алуу менен бирге семинар

Жайдын чилдесинде Ысык – Көлдүн Чолпон – Ата шаарында Талас райондук, шаардык билим берүү тармактык комитетинин баштапкы кесиптик бирлик төрагалары жана төрайымдары 5 күндүк эс алууда болушту. Анда бир гана эс алып тим болбостон, тармактык комитет төрайымы Батырбаева Фатима Асанжановнанын демилгеси менен «Тармактагы адептүүлүк жана укуктук маданият» жылына карата 3 кщн кечки тамактануудан кийинки убакта семинар өтүлүп турду.

Биринчи күнщ Фатима Асанжановна профсоюз уюмунун ишмердүүлщүгү жана иш кагаздарынын туура жазылышы, аны иреттөө, өкмөттүн тиешелүү токтомдору менен кенен тааныштырып, өз иш тажрыйбада толук колдонуу керектигин билдирип өттү.

Кийинки күнү « Конфликт » темасында Көк – Ой мектебинин кесиптик бирлик төрагасы Айбек Момоканов семинар – окутуу өтүп, конфликттин жаралуусу, анын себептери, алдын алуу, түрлөрү, пайдасы, зыяны, аны жоюу жана илим катары калыптанышын кенен мисалдар менен түшүндүрүп, берилген суроолорго жооп берди.

Жыйынтыктоочу күнү өтүлгөн семинарлар, иш – чаралардын пайдасы, алган маалыматтарын кийинки иштерде колдонуу тууралуу кенен талкуу болуп, катышуучулар өздөрүнө семинардан көп маалыматтарды алгандыгын айтышып, уюштуруучуга ыраазычылык билдиришти.

Семинарда колдонулган материалдардын электрондук варианты катышуучуларга берилди. Ар бир семинардын аягы музыкалык көӊүл ачуу иш – чаралары менен коштолуп, эс алууга келгендер өздөрүнө бир азда болсо жагымдуу энергия топтой алышты.

Бул эс алууга Талас облусунун бардык район, шаарынан жалпысынан 35 киши барышты.

         

Жолчубек уулу Урмат атындагы №9 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрагасы Жуманалиев Татыбек Анарбекович