Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алуу саякаты

Базар-Коргон шаарынын А.Нишанбаев атындагы №2 орто мектебинин мугалимдери Өзбекстан мамлекетинин тарыхый шаарлары болгон Самарканд, Бухара шаарларына саякат кылышып, кооз жерлерде эс алып келишти.

Самарканд жана Бухара шаарлары эзелтеден бери Орто Азиянын негизги соода борборлору болуп, ислам маданиятынын өнүккөн жерлеринин бири болгон.  Жибек жолу да ушул шаарлардан өтүп, орто кылымдарда белгилүү империялардын борбору болуп, тарыхый имараттар көп курулган. Мугалимдер жогорудагы  тарыхый шаарлардын  кооз жерлерине: мавзолей, кербен-сарайларына  жана тарыхый имараттарына  саякат кылышып, жакшы эс алып келишти.

Мугалимдер райондук комитетке колдоо көрсөтүлгөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Базар-Коргон райКБКнын адиси К.Асыранкулов