Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эс алдыруулар уланууда

Өзгөн райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан салтка айланган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүн эс алдыруу улантылууда.

Райондук «Жылдын мыкты айылдык мектеби - 2021» кароо-сынагында I-орунду ээлеген П.Жолдошов атындагы орто мектебинен - 3 мугалимге, «Жылдык мыкты инновациялык мектеби - 2021» кароо-сынагынын райондук турунда I-орунга жетишкен К.Раимбеков атындагы мектеп-гимназиясынан - 3 мугалимге 6 күндөн «Ысык-Көл» эс алуу жайына акысыз жолдомолор берилип, эс алдырылды.

Ал эми «Жылдын мыкты айылдык бала бакчасы - 2021» кароо-сынагынын райондук турунда I-орунга жетишкен М.Оморбекова атындагы балдар бакчасынан – 3 кызматкер, райондогу  чыгармачылык менен эмгектенген алдыңкы мектептердин бири  Т.Ташмаматов атындагы орто мектебинен - 3 мугалим «Ала-Тоо» эс алуу жайына   акысыз 6 күндөн эс алышты жана ден соолуктарын чыңдап келишти.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети