Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Энелер мектеби” деген темада семинар болуп өттү

      Кадамжай районунун аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде эмгектенип келе жаткан педагогдор  жаан ата-энелер жамааты жаш муундардын жалпы маданиятын калыптандырууга, баланы коомдо  жакшы жашоого ынгайлаштырууга, атуулдукка жана мекенди, жаратылышты сүйүүгө багытталган тарбия берүү иштерин жогорку деӊгээлде уюштуруп келе жатышат.

Кадамжай районунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбеков тарабынан жарыяланган “Региондорду өнүктүрүү жылынын” иш чараларынын алкагында Орозбеков айыл аймагындагы  “Охна” гимназия мектебинин базасында “Энелер мектеби”  деген темада семинар болуп өттү.  Семинарга  райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Гайбуллаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулкананын усулчулары, мектеп жетекчилери, мугалимдер жана ата-энелер жамааты катышышты. Ошондой эле иш чарага  Баткен шаарынын “Кызыл Жол” орто мектебинин мугалимдер жамааты – Г.Мадаминовдун шакирттери келип “Охна” гимназия мектебинин жамааты жана ата-энелери менен болгон жолугушууга катышып беришти.                                           

     Семинардын жүрүшүн концерттик программа коштоп, келген конокторго жагымдуу  маанай тартуулады.