Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Эне тилим – элим берген адабият, эне тилим –өзгөчө бир маданият»

     Кадамжай районунда 2017-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев тарабынан жарыяланган «Ыйман, адеп жана укуктук маданият жылынын» иш чараларынын алкагында  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын негизинде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептердин ортосунда Мамлекеттик мыйзамын жузого ашыруу багытында жарыяланган бир айлыкты жыйынтыктоо максатында «Эне тилим – элим берген адабият, эне тилим –өзгөчө бир маданият» деген теманын астында Семетей лицейинин жигиттери менен Кадамжай лицейинин кыздарынын катышуусунда «Кыз-жигит» сармердени болуп өттү.

      Иш чара №17 А.Масалиев атындагы орто мектебинин базасында өтүп, ага Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Т.Ильязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Асанова, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдындагы усулкаананын усулчулары, райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектеп мугалимдери жана окуучулар катышышты.

       Бул иш чаранын негизги максаты кыргыз элинин күүнүргөс салттарынын бири болгон айтышуу салтын кайрадан жандандырып, кыргыз тилин өнүктүрүү. Катышуучулар макал-лакап, табышмак,  жанылмач, ыр-күүлөрүн бир ортого алып келип көрүүчүлөрдүн жарпын жазып, майрамдык маанай тартууларды. Иш чаранын сонунда катышуучуларга ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды.