Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Эн мыкты тарбиячы»

     Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагында бала бакчалардын ортосунда «Эӊ мыкты тарбиячы» кароо сынагынын аймактык туру болуп өттү. Сынакка айыл аймагына караштуу 8 бала бакчанын тарбиячылары катышып өздөрүнүн иш билгилигин, педагогикалык чеберчилигин  көрсөтүштү.  Ушул эле сынактын аймактык туру Кадамжай шаарында, Орозбеков, Котормо айыл аймактарында дагы өтүп, ага 8 бала  бакчанын  тарбиячылары катышышты. Кароо сынак бала бакчалардагы тарбиячылардын иштерин жандандыруу максатында өттү. Иш чаранын жыйынтыгында Үч-Коргон айыл аймагында «Жеткинчек», Орозбеков айыл аймагында «Баластан-Охна» бала бакчаларынын тарбиячылары жеӊишке жетишип сынактын райондук туруна жолдонмо алышты. Катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан ардак грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.