Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Эмгекти коргоо» боюнча райондук денгээлдеги семинар

2014-жылдын 16-майында Болот Мамбетов атындагы орто мектебинде «Эмгекти коргоо» боюнча  райондук денгээлдеги семинар  болуп өттү. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын Билим берүү  боюнча  профсоюз уюмунун «Эмгекти коргоо» боюнча жетектөөчү адиси  Ниязбеков Кубатбек, Ысык-Көл областтык профсоюз уюмунун  төрагасы  Молдокматов Омүрбек, билим берүү  кызматкерлеринин  профсоюздарынын  Тон райондук  комитетинин төрагасы  Темирбеков Жамангул,  Тон райондук билим берүү бөлүмүнүн   эсепчилери, райондогу  билим берүү мекемелеринин, мектептердин директорлору, профсоюз уюмдарынын төрага-төрайымдары катышышты. Семинар суроо-жооп  ирээтинде кызыктуу өттү. Негизги суроолор эмгекти коргоо, кошумча төлөөлөр, дем берүүчу фонд, 240 сааттык программа боюнча окутуп жаткан мугалимдердин эмгек акысы жөнүндө болду. Борборлоштурулган бухгалтерияга өткөндөн бери мектептерге өткөн окуу жылында ар кандай чыгымдар үчүн  акча каражаты которулбай жаткандыгынан мектептерде чарбалык  товарларды, башкача айтканда мектепти тазалоого керектелүүчү  товарларды алууда кыйынчылыктар  жаралып жаткандыгын айтышты.

         Эмгек акынын эсеп-кысабы мугалимдерди кызыктырган  маселелерден болууда. Республиканын алыскы жана бийик тоолуу аймактарында иштегендерге  өкмөттүн  1997-жылы чыккан №377 токтомунда бийик тоолуу аймактарга  райондук коэффициенттер берилгендиги  жөнүндө маалыматтары болсо дагы, кызыктырган суроолор боюнча  кенири түшүнүк  алышты. Берилген суроолорго  Кыргыз Республикасынын билим берүү боюнча  профсоюз уюмунун «Эмгекти коргоо» боюнча жетектөөчү адиси Ниязбеков Кубатбек түшүнүктүү жана так  жооп берди. Айрым суроолорго Ысык-Көл областтык профсоюз уюмунун  төрагасы  Молдокматов Омүрбек жооп берди.

         Семинардын экинчи бөлүгү жагымдуу жагдай менен аяктады. А.Салиев  атындагы орто мектебинин директору Тынара Мамбетова жана А.Көлбаев атындагы орто мектебинин директору Асейин Турдакунов  «Кыргыз Республикасынын профсоюз уюмунун мыктысы» төш белгилери менен сыйланышты. Мугалимдердин эмгек акысы мурунку жылдарга  караганда көтөрүлгөндүгу  баарыбызга маалым. Учурдагы инфляция аз да болсо тескери  таасирин  тийгизип жаткандыктан  мугалимдин айлык акысы утурумдук керектөөсүн   толук кандуу камсыз кыла албайт. Келечектен үмүт кылып, айлык маянасы көтөрүлүп, өзүнүн интелектуалдык  денгээли жогору болуп, төрт тарабы төп келген жаш муундарга татыктуу билим, тарбия берген мугалимдерибиз көбөйсүн демекчибиз.

 

         Тон районундагы Болот Мамбетов атындагы  орто мектебинин директору Орозалиева Б.