Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо

2019-жылдын 28-мартында Ош облусунун Араван районуна караштуу "Гүлбаар" мектепке чейинки билим берүү уюмунда "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу" боюнча райондук семинар өткөрүлдү. Семинарга Ош билим берүү институтунун адиси Ж.Кудайкулова, Араван районунун мамлекеттик администрациясынын өкүлү М.Алибаева, Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Т.Ахматалиев, райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Б.А.Турдубаев райБББнын жетектөөчү адиси У.И.Токуров, райБББнын усулчусу Ю.Д.Рахимкулов, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Араван райондук бөлүмүнүн адистери М.Абаев, Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы С.Т.Гулжигитов жана Араван районуна караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышышты. Семинар 3 бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө "Мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги окуу-тарбия иштери", 2- бөлүгүндө "Өзгөчө кырдаалдар боюнча практикалык сабак", 3-бөлүгүндө Эмгекти коргоо боюнча кызуу талкуу жүргүзүлдү.

 

Материалды даярдаган:

Турдубаев Бактыбек