Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана чечүү жолдору

Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык,  2019-жыл 11-апрелинде Баткен районунун Чон-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин базасында “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү  жылында” райондук,шаардык жана баштапкы  профсоюз комитеттеринин ишмердүүлүгүн натыйжалуулугун көтөрүү максатында "Эмгекти коргоо: тажрыйбалар, көйгөйлөр жана  чечүү жолдору” деген темада областтык семинар өткөрүлдү.

Областтык семинарга райондук, шаардык профсоюз комитеттеринин төрагалары билим берүү мекемелеринин директорлору жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары катышышты. Семинардын катышуучуларына  Токтогул мектебинин директору жана профсоюз уюмунун иш кагазадары, ишмердүүлүгү менен тааныштыруу менен башталды.

Семинардын жүрүшүндө  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин төрагасы   З.Бөтөков,  Баткен райондук профсоюз комитетинин төрагасы А.Зайитовдор сөз сүйлөштү.

Андан кийин семинардын катышуучуларына Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитетинин уюштуруу, укук иштери боюнча адиси  К.Акимов, “Билим берүү мекемелеринде кызматкерлердин эмгек китепчелерин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” ал эми  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен райондук комитетинин укук жана эмгекти коргоо боюнча инспектору А.Масалиев “Билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине эмгектин зыяндуу жана кооптуу шарттары үчүн кошумча акы төлөөдө жетекчиликтин аткаруучу иштери жана профсоюз уюмдарынын төрагаларынын бул багыттагы ролу жөнүндө”  маалымат беришип, суроо-жооп талкуулар менен семинардын катышуучуларына пайдалуу маалыматтар айтылды. Семинарга жалпысынан 50 адам катышты.

 

Уюштуруу, укук иштери боюнча адис: К.Акимов