Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо күнүнө карата

Жалал-Абад областынын Таш-Көмүр шаарындагы №3 Тоголок Молдо атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде  28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнүнө карата иш чара түзүлүп, 2019-жылдын апрелинде  тегерек стол профсоюз уюму  тарабынан өткорүлдү.

Баштапкы  профсоюздук  уюмдун төрайымы Гулжайна Молдалиева 28-апрель-Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү Эл  аралык Эмгек Уюму  тарабынан  2003-жылдан баштап белгиленип, эмгек  шарттарын  жакшыртууга маани берүүгө багыттоочу иш-чара  экендигин  белгиледи. Талкууда билим берүү   тармагындагы эмгекти  коргоону  уюштуруудагы көйгөйлөр  жана  чечимдери талкууланды.

Бул  багытта профсоюз  уюмдарынын  ролу  жана  ишмердиги  тууралуу маалыматтар берилди. Таш-Көмүр шаардык  комитетинин төрайымы Э.Эгизалиева сүйлөп, мындай  иш-чаралар башка баштапкы  уюмдарда  да  өткөрүлүшүн  билдирди.

 

 

Материалды даярдаган:  

Жалал-Абад  обкомунун  укук  жана   эмгекти  коргоо  инспектору

А.Айдаров