Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгекти коргоо боюнча техникалык коомдук инспекторлордун түзүмүнө өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди

2021-жылдын 28-сентябрь күнү Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин президиумунун жыйыны болуп өттү.

Жыйынга кесиптик бирликтин райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, президиум мүчөлөрү З.Усенов, А.Усманов, А.Орозова, З.Юлдашева, Ф.Акматова, З.Маматова, Б.Курбанова, Н.Момуналиева катышты.

Президиум күн тартибинде төмөнкү маселелер каралып, тийиштүү токтомдор кабыл алынды.

  1. 2020-2021-окуу жылында кесиптик чыгармачылыкты өркүндөтүү жана иш тажрыйбаларды жайылтуу максатында өткөрүлгөн кароо-сынактардын жыйынтыктары жөнүндө.
  2. Билим берүү кызматкерлеринин жана балдардын “Жайкы эс алуу-2021” иш чараларынын уюштурулушу жөнүндө.
  3. Баштапкы кесиптик уюмдарда отчеттук-кайра шайлоо чогулуштарды уюштуруу жөнүндө.
  4. Мугалимдердин кесиптик майрамына карата жамааттарды сыйлоо жөнүндө.
  5. 1-октябрь Карыялар күнүнө карата иш чараларды уюштуруу жөнүндө.
  6. Ноокен райондук “Билим берүү ардагери” төш белгиси менен сыйлануучулардын тизмесин бекитүү.
  7. Эмгекти коргоо боюнча техникалык коомдук инспекторлордун түзүмүнө өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.

Күн тартибиндеги маселелерди кароодо президиумдун ар бир мүчөсү кесиптик бирликтин райондук комитети тарабынан аткарылган иштер жөнүндө ой-пикирлерин, сунуштарын, ийгилик, кемчиликтерин айтышты жана алдыдагы милдеттерди белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: Ноокен райондук КБКнын инспектору Т.Бакиров