Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгектери бааланып эс алууга жөнөтүлдү

Өзгөн районунун Куршаб айыл аймагындагы А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Жолдошова Наргиза 2020-2021-окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөдө райондо эң жогорку - 224 балл алып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н Жапаровдун колунан Алтын Сертификат жана Мактоо баракчасын алды.

Жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл алган окуучунун мугалимдери Матураимова Калбү, Жетибаева Адалат эжекелерге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирглигинин Өзгөн райондук комитети тарабынан «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясына дарыланып, ден соолугун чыңдоо үчүн акысыз путевка берилип, эс алууга жөнөтүлдү.

Аталган мугалимдер Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитетине өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети