Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгектенип талыкпастан мектепте, Профсоюз тарабынан эс алдым Египетте!

...Күндүн ысыгы, чалкыган Кызыл деңиз, пальмалардын көлөкөсүндө жатып, деңиз тамактарынын даамын сызып, тарыхый жер саналган, айтылуу Пирамидаларда жана суу үстүндө саякаттоо кандай сонун...

Мен билим берүү тармагында эмгектенип, жетишкен ийгиликтерим бааланып, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитети тарабынан Египетке 10 күнгө эс алууга жолдомо алып, күзгү каникулумду эң жогорку сезимде өткөрүп келдим. Анда сөз башынан болсун...

        Мен Уметов Уланбек Мамашович 1988-жылы, 21-майда Ноокен районунун Шайдан айылында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөнмүн. 2005-жылы мектепти артыкчылыгы менен аяктап, ошол эле жылы ЖАМУнун “химия мугалими” адистигине тапшырып, 2011-жылы дипломго ээ болдум.

        Мугалимдик кесипти тандаганыма апам жана мени окуткан мугалимдердин таасири чоң. Анткени апам 46 жыл мектепте мугалим катары эмгектенген. Менин мугалимдик кесибим 2008-жылы №4 Жаңы-Турмуш (азыркы А.Сатаров) атындагы орто мектебинде башталып, кийин №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебине химия мугалими катары которулдум. Ал жерде бир топ тажрыйба топтоп, окуу-тарбия иштери боюнча директордун орун басары кызматын аркаладым. Андан соң Ноокен райондук билим берүү бөлүмүндө жетектөөчү адис кызматында эмгектендим. 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейин №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектепте директордук кызматты аркалап келе жатамын.

            Мен үчүн аз гана убакыт болсо да, бир топ ийгиликтерди жаратып, жетекчилик тапшырган кызматтарда өз аракетим жана ак дилим менен кызмат кылып, мага болгон ишеничин актап, келечек ээлери болгон жаш муундарга билим-тарбия берип, аз да болсо Мекениме өз салымымды кошуп жатсам керек деп ойлоймун.

            Мугалимдик кесипти аркалап, ийгиликтерге жетишип, кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыз кылып, профсоюз тарабынан бир канча жерлерде эс алып келдим. “2011-жылдын мыкты уюштуруучусу” кароо-сынагынан 2-орунду ээлеп, Ноокаттагы “Абшыр-Ата” эс алуу жайында, “2013-жылдын мыкты предметтик каанасы” кароо-сынагында байгелүү орунду ээлеп, “Сахаба” эс алуу жайында “2012-жылы жана 2017-жылдын мыкты мугалими” кароо-сынагына катышып, баш бейгени алгандыгым  үчүн профсоюздун Ноокен райондук комитети тарабынан Ысык-Көлдө 2 жолу эс алууга барып, аталган конкурстун областтык турунда баш байгеге ээ болуп, профсоюздун областтык комитети тарабынан Египетке 10 күнгө эс алууга жолдомо алдым. Буларды айтып жатканымдын себеби: аткарылган мыкты эмгектер эч качан жерде калбай, профсоюз тарабынан бааланганында. Эгерде эмгек бааланбаса алдыдагы максатыңа жетүү татаалдашып, ишке болгон кызыгууң да жоголоору белгилүү. Бирок билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу ар бир аткарган иштериңди баалап, ар бирине өзгөчө көңүл бөлүп жатканы баарыбызга белгилүү. Бул деген мугалимдердин, өзгөчө жаш кадрлардын ишке болгон кызыгуусун арттыруу, алардын мотивациясынын, чыгармачылыгынын деңгээлин жогорулатуу башкы максаты.

            Египеттеги сапарым жөнүндө айта турган болсом, Сиздерге белгилүү болгондой Египет мамилекети Азия, Африка жана Европа материктеринин биригишкен жеринде. Бир убакта үч материкте болуу буйруп, көрүп келдим. Дүйнө кереметтерине кирген “Пирамидаларда”,  тарыхый музейлеринде, жана деңиз үстүндө саякаттап, Нил дарыясынын үстүндө круизде болдум. Кызыл деңиздин кумдуу жеринде сууга чумкум, “Өлүк деңизге” түшүп, деңиз түбүндө дайвингде болуп кайттым. Менде болгон сезимдерди сөз менен айтып түгөтө албаймын. Эс алуудан энергия топтоп, жаңы дем, жаңы күч, жаңы идеалар менен кайттым. Дүйнө көз карашым кенейди. Мага окшогон мугалимдер да барып эс алып келүүсүн тилек кылдым.

            Ушундай эң сонун сезимдерди пайда кылган эс алууну уюштуруп берген билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун областтык комитетинин төрагасы Исмаилов Абдукахар Араповичке, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Козуев Бакыт Садыковичке, профсоюздун Ноокен райондук комитетинин төрагасы Нышанов Кубанычбек Калдаровичке терең ыраазычылык билдиремин.

            Ал эми жогорудагы ийгиликтерге жетишүүмө өз насаатын айтып, жардамын аябаган, туура жол көрсөтүп, усулун үйрөткөн менин устат агай-эжелерим Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун директору Токтосунов Акылбек Адешовичке, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн кадрлар бөлүмүнүн башчысы Борбиева Гульмира Солтоналыевнага, Жалал-Абад областтык усулдук борборунун методисти Ишатова Гулнара эжекеге, Обкомдун укук жана эмгекти коргоочу инспектору Айдаров Абдурахим Чонахуновичке, Ноокен районундагы №35Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин эмгек жамаатына жана албетте эң алгач ата-энеме, бир туугандарыма терең ыраазычылыктарымды билдиремин.

            Ал эми кесиптештерге, мугалимдерге кайрылуум мыкты эмгектенип, ийгиликтерге жетишип, ак эмгегиңиздердин акыбети кайтсын демекчимин. Сиздер да сыйлыктарга, эс алууларга татып, эс алып келиңиздер!

Даярдаган: Ноокен районунун №35 Ш.Сүйөркулов атындагы орто мектебинин директору,

“Жыл мугалими” кароо-сынагынын областтык турунун 2 жолку чемпиону,

“Билим берүү мыктысы” төш белгисинин ээси  Уланбек УМЕТОВ.