Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек жана социалдык мамилелерди коргоо- биздин милдетибиз!

        Кара-Буура райондук  билим  кызматкерлер  профсоюзунун  уюштуруусу менен Акымбеков  Мамат атындагы орто мектепте  атайын  профсоюз кабинети уюштурулуп, жасалгалоо, маалымат  бурчтарын жасоо  жагын  мектеп жетекчилиги өз күчтөрү  менен  жасашып,  баштапкы профсоюз уюмдарынын   “Эмгекти  коргоо- биздин милдетибиз”  деген  теманын негизинде семинар өткөрүлдү.  Баардыгы-51 баштапкы  уюмдан  46 профсоюз  лидерлери  катышты. Борбордук  Комитети  тарабынан Көгүлтүр Ыссык-Көл  пансионатында  уюштурулган  эки  күндүк  семинардын  эмгекти  коргоо  боюнча  темасы  коюлуп, суроо жооп  ирээтинде  талкууланды.Талкуу аябай кызыктуу болду.  Профкомдор группаларга бөлүнүп, ар бир группага суроолор  жазуу  жүзүндө  берилип, ар бир  группадан  толуктоолор айтылып талкууланды. Суроолордун  туура  жооптору  слайд  аркылуу  көрсөтүлүп жыйынтыкталды. Билим  кызматкерлерине  аябай пайдалуу да  жана кызыктуу семинар  болгондун  мектеп  жетекчиси Абдыкарова Ботокоз Сапаркуловна  өз сөзүндө айтып  профсоюз  лидерлерине  ийгилик  каалоо менен жыйынтыктады. Семинардын  жыйынтыгында  “Унутпагын маданият, салтынды,  биле жүргүн адебинди, наркынды” деген темада сценкалар, манас айтуу, ыр бийлер менен коштолду.         

Кара-Буура райондук билим жана илим

 кызматкерлер кесиптик бирлигинин төрайымы:                                             Абдыжапарова Р.