Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Эмгек мамилелерин түзүү жолдору» аталышындагы семинар

2023–жылдын 19–апрелинде Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан «Эмгек мамилелерин түзүү жолдору» темасында райондун жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилерине  семинар өтүлдү.

Семинарда эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө боюнча кызматтын бөлүм башчысы жана региондору боюнча башкармалыктын улук инспектору Ш. Опошова  эмгек мамилелери жана анын талаптары, эмгек келишими, тартиптик жаза, эмгекти коргоо тууралуу слайд түрүндө  маалымат берди.

Иш-чара катышуучулар тарабынана берилген суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитети