Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгек акы төлөө боюнча семинар өткөрүлдү

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитетинин III кварталынын иш планына ылайык Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Ш.Ганы атындагы орто мектебинде “Билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акы төлөөдө жетекчиликке алынуучу ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” деген темада семинар болуп өттү. Семинар билим берүү мекемелеринин эсепчилерине, жетекчилерине жана баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрагаларына укуктук жана усулдук жардам көрсөтүү максатында уюштурулду.

Семинарга Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О.Мажилимов, билим берүү мекемелеринин директорлору, эсепчилери жана баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышты. Семинарда райондук комитет тарабынан даярдалган баяндамалар жасалды.

Семинардын I бөлүгүндө Баткен райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов сөз сүйлөп, райондук комитет тарабынан жургузулуп жаткан алгылыктуу иштер менен кенири тааныштырып семинарды ачып берди. Баткен райондук комитеттин эмгекти жана укукту коргоо боюнча адиси А.Масалиев “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы  №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтому жөнүндө” маалымат берди.  Билим  берүү бөлүмүнүн алдындагы борборлоштурулган эсепкананын эсечилери З.Мурзакаримова “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы  №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориядагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтому боюнча эмгек акы төлөөнүн жол-жоболору”, Ж.Назарова “Билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча жана үстөк акыларды, зыяндуу шарттагы жумуш орундарына акы төлөө жөнүндө” деген темаларда баяндамаларды жасашты.

Семинардын II бөлүгүндө катышуучулар 5 топко бөлүнүшүп, 1-топ “Табигый математикалык предметтерди окуткан педагогдордун эмгек акысын эсептөө”, 2-топ “Гуманитардык предметтерди окутушкан педагогдордун эмгек акысын эсептөө”, 3-топ “Башталгыч класстардын мугалимдерине эмгек акы төлөө”, 4-топ “Техникалык кызматкерлерге эмгек акы төлөө”, 5-топ “Балдар бакчасында иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө” деген темалар боюнча практиалык иш-чаралар аткарылып, ар бир топ өз презентацияларын жасашты.

Семинардын аягында катышуучулар өз ойлорун, сунуштарын айтышып, семинардын катышуучуларынын кызыккан суроолоруна жеткиликтүү жооптор берилди жана кызматкерлердин  эмгек акысын төлөөнүн мыйзамдуу жолдорун талкулашты.

Баткен районундагы жалпы билим берүү тармагында эмгектенген педагогикалык жана техникалык кызматкерлер кызмат акынын жогорулаганына Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго, Билим берүү жана илим министри А.Б.Бейшеналиевге терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Кесиптик бирликтин райондук комитеттин төрагасы А.Зайитов сөз сүйлөп, семинарды жыйынтыктады.

 

Маалыматты даярдаган: Баткен райондук КБКнын жетектөөчү адиси Б.Абдыразакова