Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эмгегине жараша сыймыгы

Баштапкы профсоюздук уюмдардын негизги нормативдик документи болгон  жамааттык   келишимдин  аткарылышы  менен мугалимдердин эмгектери өз убагында бааланышын  камсыздайт.

Ноокен районундагы  №29 Я.Мирзаходжаев атындагы  орто  мектебинин  жамааттык  келишиминде «Окуу жылында  уюштурулган  кароо-сынактардын  жеңүүчүлөрү  Өзбекстандын борбору Ташкент  жана Самарканд шаарларына экскурсиялык  жолдонмо  менен сыйланат”  деп  белгиленип, администрция жоопкерчилигине алган.

2019-жылдын 3-5 май күндөрү  жамааттык  келишимге  ылайык  мектептин  алдынкы  7  мугалими Ташкент  шаарында экскурциялык   эс   алуу менен болушту.

Мугалимдер  мектептин  администрациясына  жана  профсоюздук  уюмуна  ыраазычылыктарын  билдиришип,  бул  экскурсия  жаңы  иштерге  шыктандыргандыгын белгилешти. Алар эмгектерина жараша татыктуу сыйлагандары  үчүн жаңы окуу жылында  жогорку натыжаларды камсыздоону  максат кылышты.

 

Материалды даярдаган:

Мектептин профсоюздук  уюмунун төрайымы

Абдурахимова Сурайёхон   Абдужамаловна