Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Элет жериндеги иштиктүү семинар

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад облустук комитетинин планына ылайык 17-18-июль күндөрү Тогуз-Торо районунда облустук көчмө семинар уюшкандыкта өткөрүлдү.

Семинардын алкагында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы – аким Кожошов Айбек Карыбекович менен жолугушуу болуп өттү.

Райондун биринчи жетекчиси элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу, Президент тарабынан «2018–жыл–Региондорду өнүктүрүү жылы» деп жарыялангандыгына байланыштуу – жарлыкта белгиленген иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча аткарылып жаткан иштерге токтолду.

Билим берүү жаатында колго киргизилип жаткан ийгиликтерди белгилеп, өнөктөш катарында профсоюздар менен биргеликте жүргүзүлгөн иштер жөнүндө айтып берди.

Өз кезегинде КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Токтогулов Асылбек Токтогулович тармактык профсоюз тарабынан билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жаатында Республикада жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштер жөнүндө кеп салды.

Мамлекеттик бийлик органдары менен биргелешип иштөөнүн натыйжасында көйгөйлүү маселелер чечилип жаткандыгын белгилеп, бул үчүн үч тараптуу макулдашуулардын мазмунун байытып, жаңы деңгээлге көтөрүү керектигин айтып, бул маселеде райондо алгылыктуу тажрыйба топтолгондугун белгиледи.

Жолугушууга профсоюздун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев, акимдин орунбасары Г.Султангазиевалар катышышты.

Семинардын катышуучулары алгач «Келечек» мектепке чейинки билим берүү уюмунун (директору С.Давлетова) иши менен таанышышты. Бул уюум Каргалык айыл өкмөтү тарабынан каржыланып 6 тайпада 180 бала тарбияланууда.

Типтүү имарат 210 орунга ылайыкташтырылып, жаш тарбиялануучулар үчүн  бардык шарттар жаратылгандыгы көңүл кубантарлык көрүнүш экендигин, семинардын катышуучулары бакчада куурчак театрынын ишиш да жакшы жолго коюлгандыгын белгилешти.

Анын соңунда «Күн Чубак» мектепке чейинки балдар уюмунда (директору Г.Далиева) болушту. Учурда 12 тарбиячы, 11 кенже кызматкер эмгектенүүдө.

Жамаат инвесторлор, демөөрчүлөр менен иштөөөгө маани беришкен.

АБРден 150 миң сом, Аристен 400 миң сом инвестиция тартылган.

Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен 233 миң сомдук жумуштар бүткөрүлгөн.

Райондук балдар чыгармачылык үйүнүн жамаатынын (директору Г.Атамкулова) аткарып жаткан иштери да алкоого арзырлык экендиги белгиленди.

Борбордо 11 ийрим иштеп, аларга 344 окуучу сабактан бош учурларда тартылган. Аларда 14 мугалим эмгектенет.

Жамаат республикалык «Кийизден жасалган буюмдар» конкурсуна катышып, КР Билим берүү жана илим министрлигинин «Ардак Грамотасы» менен сыйланышкан.

А.Абдраимов атындагы орто мектептин жыйындар залында семинардын ишин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманбердиев ачып, келген меймандар менен тааныштырды.

Алгачкы сөз обкомдун Региондорду өнүктөрүү жылында аткарып жаткан иштери тууралуу маалымат-билдирме жасоо үчүн обкомдун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А.Бегматовго берилди

Ал профсоюздун ишмердигинде жетекчиликке алуучу негизги документтер менен тааныштырды. КРнын Президенти С.Ж.Жээнбековдун жарлыгы менен кабыл алынган «2018–жыл–Региондорду өнүктүрүү жылында» аткарылып жаткан иштер жөнүндө кеңири маалымат берди. Бул маселеде БКнын иш-чарасынын негизинде атайын приоритеттүү багыттар белгиленип, аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду.

БК тарабынан Региондорду өнүктүрүү жылына арналып өткөрүү боюнча кызуу даярдык иштер жүрүп жаткандыгын белгиледи. Бул багытта бардык райшааркомдордо жана баштапкы уюмдарда иштердин жүрүп жаткандыгын айтты.

Кийинки сөз обкомдун эмгекти коргоо, коопсуздук техникасы боюнча инспектору А.Айдаровго берилди. 

Ал «Макулдашуулар аркылуу профсоюз мүчөлөрүнүн социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоону өркүндөтүүнүн жолдору» деген темада семинардын катышуучуларына (слайддар менен) түшүндүрдү. Макулдашуулардын айылдык жана райондук жана шаардык деңгээлдеги уюштурулушуунун өзгөчөлүктөрүн ачып көрсөттү. Документтердин электрондук варианттары семинардын катышуучуларына жеткирилип, узатылган суроолорго ынанымдуу жооптор берилди.

Тогуз-Торо директорлорунун атынан Эпеева Винара Молдожумаевна, жаш мугалимдердин атынан М.Жаңыбаева атындагы орто мектептин мугалими Иманбек уулу Эрболот сөз сүйлөшүп, семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.

Кийинки сөз билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Тогуз-Торо райкомунун төрагасы З.Ажыбаевге берилип, ал төмөндөгүлөргө  токтолду:

Райондо жамааттык жана макулдашууларды түзүүгө, билим берүү кызматкерлеринин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоого негизги көңүл бурулууда. Учурда жайкы эс алуу өнөктүгү уюшкандыкта жүргүзүлүүдө.

Райондук мамлекеттик администрация башчысы – акимдин орунбасары Г.Султангазиева төмөндөгүлөрдү белгиледи.

5 мектептин курулушу жүрүүдө. 5 айыл өкмөтүнүн ичинен 4 айыл өкмөтү дотацияда турат. Ошол себептүү билим берүү кызматкерлеринин айрым маселелерин чечүүдө көйгөйлөр бар. Каржы маселеси тартыш болгондуктан, пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышына таасири тийген учурлар бар. Бирок ага карабастан ички резевдерди ишке салуудабыз. «Чет-Булакта», «Бирдикте» бала бакчалар курулуп, жакшы иштей баштады. Мындай иштерди улантууга аракеттер жасалууда.       Жайкы эс алууну уюштурууга өзгөчө көңүл бурулууда.

А.Токтогулов КР билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессор:

Райондун жетекчилиги менен жолугушуп, билим берүү уюмдарында болуп, Тогуз-Тородо билим берүү кызматкерлери, профсоюз уюмдары, жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары, жалпы эле өнөктөштөр менен бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгына күбө болдук.

Президенттин жарлыгына ылайык «2018-жыл – Региондорду өнүктүрүү жылы» деп кабыл алынгандыктан, атайын иш-чаралар даярдалып, аткарылып жаткандыгы баарыбызды кубандырат.

Бир катар билим берүү уюмдарында болуп, кызматкерлердин социалдык-экономикалык көйгөйлөрү чечилип, алар: турак-жай салуу үчүн чек бөлүп берүү, жаш адистерге жөлөк пул төлөп берүү ж.б. Жергиликтүү бийлик органдары менен иштөө жакшы жолго коюлган.       Өнөктөштүккө өзгөчө маани берилип жаткандыгы жакшы көрүнүш деп ойлоймун.

Б.Иманбердиев – райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

Семинардын урматтуу катышуучулары! Атайын убакыт бөлүп, биздин районго келгениңиздер үчүн ыраазычылык билдиремин.

Облус жана Республика борборунан алыс тургандыгыбызга карабастан, билим берүү жана профсоюз уюмдары, жергиликтүү мамлекеттик органдар менен бирдикте бир катар иштерди жүзөгө ашырып жатабыз. Ал иштер жөнүндө ар бир билим берүү уюмдары боюнча папка даярдалып, Сиздерге берилди, таанышып койсоңуздар болот.

Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалаймын.