Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык уюмдардын кайрымдуулугу.

Ноокен районундагы Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебине Эл аралык уюмдар системалуу кайрымдуулук акцияларын өткөрүшүдө. 2010-жылда Эл аралык уюмдар тарабынан балдардын сүт продукцияларына жардамдашуу үчүн бир бодо мал, спорттук жабдуулар жалпы суммасы 60 миң сомдук кайрымдуулук жасашкан. Эл аралык уюмдун өкүлдөрү Даниялык Лиза Фром – «Европейский Дом» ОЭУнун президенти, Даниялык социалдык кызматкерлердин ассоциясынын мүчөсү Питер Марслинг, Акбарали Мадамияров – медицина илимдеринин кандидаты, курортология илимий-изилдөө институтунун бөлүм башчысы, Усенова Вера – КРнын социалдык кызматкерлеринин ассоциясынын президенти, Ноокен районунун акими А.К. Осмонов, райБББнын башчысы Б.С. Козуев 2013-жылдын 17-ноябрь күнү Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинде болушуп, кайрымдуулук акциясын улантып, мектепке 15 миң долларлык микроавтовус алып беруу маселеси чечилди. Ноокендиктер Даниялык меймандарга өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришип, рахматтарын айтып ийгиликтерди каалашты.

 

Ж.Ниязов атындагы жатак көмөкчү мектебинин профсоюздук комитетинин төрагасы Халжигитов Нурбай.