Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык мугалимдер күнү!

Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүндө, 2020-жылдын 6-октябрь күнү   “эл аралык мугалимдер күнүнө”  карата иш-чара өткөрүлдү.Иш-чарага Базар-Коргон райондук администрациясынан акимдин орун басары З.Адышова, Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев,  райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев, аппарат мүчөлөрү,  райондогу мектеп, мектепке чейинки  билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана сыйлык ээлери катышты. Иш-чарада жетекчилер педагогторду “мугалимдер күнү” менен куттукташып, жалпы билим берүү мекемелеринде окуутуну үзүрлүү алып кетүүнү жана  иштерине ийгиликтерди каалашты: Акимдин орун басары З.Адышова педагогторду “мугалимдер күнү”  менен чын-жүрөктөн куттуктап, азыркы кырдаалда окуучуларга билимин аябай беришип, келечек муундарынын билимдүү болушуна жана Кыргызстандын керегине жараган инсандардын чыгышына салым кошуп келе жаткандыгын айтып, алдынкы педагокторго райондук администрациясынын  “ардак грамоталары”  менен сыйлады. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы С.К.Сариев мугалимдер дистанттык  окуутуну үзүрлүү алып кетишип, жаш муундарды  тарбиялоодо талыкпастан эмгектенип жаткандыгын  айтып, узун-өмүр,  чын-денсоолук,  иштеринде жаңы ийгиликтерди жарата беришин каалап,   окуу-тарбия иштериндеги көп жылдык  үзүрлүү эмгеги, окуучулардын билимин жакшыртуудагы ийгиликтери үчүн  жана   “мугалимдерин   кесиптик майрамына”  карата  Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн   “ардак грамоталарын”  жана  Жалал-Абад областык  Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  “ардак грамоталарын” алдынкы мугалимдерге  жана билим берүү кызматкерлерине тапшырды. Райкомдун  төрагасы  С.  Жаркынбаев  жалпы билим берүүчү уюмдарында эмгектенген  мугалимдерди   “мугалимдерин   кесиптик майрамы”  менен куттуктап, профсоюз комитети билим берүү жана илим кызматкерлерин коргоп, колдоп келерин баса белгилеп,  Базар-Коргон райондук  Билим берүү  жана илим кызматкерлеринин   профсоюзунун  комитетинин    “ардак грамоталарын”  жана  материалдык сыйлыктарын     мугалимдерге жана билим берүү кызматкерлерине  тапшырды.

 

Материалды  даярдаган: райкомдун  инспектору  К.  Асыранкулов