Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Эл аралык майыптар күнүнө карата иш-чаралар өткөрүлдү

2019-жылдын 3-декабрь күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинде 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлдү.

Иш-чара №16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин профсоюздук уюму жана жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, жогорку денгээлде өткөрүлдү.

Мектепте атайын “Мээримдүүлүк кутучасы” уюштурулуп, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер өз салымдарын кошушту. Андан түшкөн каражат Ж.Ниязов атындагы көмөкчү жатак мектебинин тарбиялануучуларына тапшырылды.

Жаштар кеңеши тарабынан “Биз баарыбыз биргебиз” аттуу концерттик программа уюштурулду.

Ошондой эле мектеп администрациясы тарабынан мектептеги 12 мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга атайын белектер, шириндиктер тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

№16 Ж.Турусбеков атындагы орто мектебинин

Жаштар кеңешинин төрайымы Б.Сартбаева